Биз менен байланышыңыз

Ниязовго козголгон иш саясий куугунтукпу?

Күн чекит , Саясат | 29 Мар 2019 | 968 | 0

2019-жылдын 20-мартында Максат Чегирткеев аттуу жаран 2010-жылдын 6-7-апрелинде каза болгон жарандардын жакындарына жана окуянын катышуучуларына социалдык колдоо көрсөтүүнү координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы төрагасы Фарид Ниязовду жана анын мүчөлөрүн жоопко тартуу боюнча милицияга арыз менен кайрылган. Аталган жарандын арызында өзү Апрель окуясынын катышуучусу экени, дарылануусуна Саламаттык сактоо министрлиги бөлгөн 200 миң сомду Ниязов кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, кайтартып алганы жүйө келтирилген.  Ушул арыздын негизинде Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязовго карата кылмыш иши козголду. Төмөндө ушул иш боюнча айрым саясатчылардын ой-пикирине орун бердик.  

Башкы прокуратуранын маалымат жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн өкүлү Жаркынай Азиева аталган факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилгенин маалымдады.

— Аталган материал Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан Жазык кодексинин 320-беренесинин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кылмыш катары эсептелгендиктен,материал кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КР ИИМинин тергөө кызматына сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүү үчүн жөнөтүлгөн.

Ал эми КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева Ниязовго козголгон кылмыш иши саясий өңүттө экенин айтат.

— Фарид Ниязовго козголгон кылмыш иши саясий өңүттөгү иш болуп жатат. Бул тууралуу ал өзү да айтып чыкты. Бүгүнкү маалымат чыкканга чейин, бир-эки күн мурда бизге өздүк булактар эскертти эле, «Ушундай жигит келди, Ниязовго каршы арыз жазганга мажбурлап жатышат», — деп. Баарыбызга маалым болгондой, кылмыш иши козголуптур. Бирок, кайсыл берене менен козголгондугу тууралуу так маалымат айтылбай жатат. 

Активист Эдил Байсаловдун пикиринде: Фарид Ниязов жетекчилик кызматтарда иштеп келгендиктен, анын душмандары көп жана Ниязов 200 миң сом үчүн чоң кылмышка барбайт.

— Жумурткадан кыр издеп, бөйрөктөн шыйрак чыгарбай эле коюш керек. Анткени, жеке түшүнүгүмдө, андай кылмыш иши күнүнө миңдеп козголот. Мен муну чоң саясат, куугунтуктоо катары эсептебейм жана бийлик атайын бирөөнү жалдап алып барды дегенге да толук кошула албайм. Себеби, Ниязов жогорку жетекчилик кызматтарда иштеп келгендиктен, аны жаман көрүп калгандар көп болушу мүмкүн. Ал жерде Фариддин өзүнүн жеке душмандары эле болуш керек. Менимче, Фарид Ниязов 200 миң сом үчүн андай чоң кылмышка бармак эмес. 

Юридика илиминин доктору Бекбоосун Бөрүбашевдин маалыматына ылайык, азыркы кодекс боюнча түшкөн арыздын негизинде кылмыш иши козголуп, андан соң тергөө иштери жүрөт. Андыктан, козголгон кылмыш ишин бийликтин буйругу катары баалоо туура эмес.

-Азыркы жаңы кодекс боюнча арыз түшсө, иш ачылып, иликтөө жүрөт. Андан соң, кылмыш болгону же болбогону аныкталат. Азыркы бийлик айтылып жаткан жүйөөнү мойнуна илдирбеш үчүн бүт баарын мыйзам чегинде жүргүзүүсү зарыл.

Кошумчалай кетсек, Фарид Ниязов мурдагы президент Алмазбек Атамбаев мамлекетти башкарып турганда, Президенттик аппаратты жетектеген.

Copyright © 2017 Maral FM