Биз менен байланышыңыз

Касым-Жомарт Токаев алгачкы расмий сапарын Орусияга жасайт

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Мар 2019 | 715 | 0

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев мамлекет башчы катары алгачкы расмий сапарын Орусияга жасайт. Иш сапар 3-апрелде боло турганын akorda.kz сайты кабарлады.

Маалыматка караганда, Токаев бул сапарынын алкагында Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Эки лидердин жолугушуусунун күн тартибинде саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактар боюнча эки тараптуу кызматташуу маселелери, ошондой эле аймактык жана эл аралык актуалдуу темалар болот”, — деп жазат аталган сайт.

Сапардын жыйынтыгында эки тараптуу документтерге кол коюлары пландалууда.

Copyright © 2017 Maral FM