Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев мамлекет башчы катары алгачкы расмий сапарын Орусияга жасайт. Иш сапар 3-апрелде боло турганын akorda.kz сайты кабарлады.
Маалыматка караганда, Токаев бул сапарынын алкагында Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.
“Эки лидердин жолугушуусунун күн тартибинде саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактар боюнча эки тараптуу кызматташуу маселелери, ошондой эле аймактык жана эл аралык актуалдуу темалар болот”, — деп жазат аталган сайт.
Сапардын жыйынтыгында эки тараптуу документтерге кол коюлары пландалууда.