Биз менен байланышыңыз

Текебаев менен Жапаровдун тарапташтары биригет

Саясат | 28 Мар 2019 | 903 | 0

23-апрелде  “Ата Мекен” жана “Мекенчил” партияларынын лидерлери Өмүрбек Текебаев жана Садыр Жапаровдун соттук отурумдары өтөт. Ошол эле күнү аты аталган партиялардын өкүлдөрү да тынчтык митингине чыгууну пландашууда. Алар соттон адилеттүү чечимди күтүшөт. Эгерде сот бийлиги калыс чечим чыгарбаса, ачкачылык жарыялап, оппозицияга өтөөрүн кабарлашууда.

Эки партиянын лидерлеринин соттук отуруму бир күндө өтөт. Тактап айтсак, саясатчы Садыр Жапаровдун соттук отуруму саат 9:00дө, Өмүрбек Текебаевдики 10:00дө башталат. Мындан улам “Ата-Мекен” жана “Мекенчил” партияларынын өкүлдөрү, тынчтык митингин өткөрүүгө камынышууда. Бирок алар бийликтен расмий уруксат ала элек.

Митингге болжол менен 7 миңдей адам катышары күтүлүүдө. “Ата-Мекен” партиясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, алар соттон адилеттүү чечим чыгаруусун талап кылышат. Анткени, эки саясатчы тең саясий мотивдин негизинде камалганы айдан ачык,- деп кошумчалайт депутат Шыкмаматов.

-“Ата-Мекен” партиясы  Садыр Жапаровдун тарапташтары жана анын партиясы менен бирдиктүү штаб түздүк. Митингге болжол менен 6-7 миңдей адам катышат. Митингде биз конституциялык укугубуздан пайдаланып, сот адилетүүлүгүн, калыстыкты жана мыйзамга гана таянган чечимди чыгарып берүүнү талап кылабыз. Бул биздин укугубуз. Биздин чечим аткарылабы же жокпу, билбейм. Ошентсе да, сотко үмүт менен ишеним чоң. Өмүрбек Текебаев, Дүйшөнкул Чотонов жана Садыр Жапаров саясий мотивдин айынан, чөнтөк соттордун, сатылган прокурорлордун негизинде абакта отурушат.

Ал эми “Мекенчил” партиясынын тең төрагасы Мелис Аспеков да жогорудагыдай эле пикирди айтып, сот туура чечим чыгарбаса, ачкачылык жарыялай турганын билдирди. Ошол эле учурда алар тынчтык митингинде абалды курчутпай,  бир калыпта кармап турчу атайын топ иштей турганын да айтып өттү.

-Эгерде биздин талап 23-апрелде аткарылбаса, анда эки партия жана анын мүчөлөрү толук оппозицияга өтөбүз. Пресс-конференция берип, коомчулукка өзүбүз жарыялайбыз. Биз тынчтык митингине чыгабыз. Эч кандай чагымчылдыкка алдырбайбыз. Ар кандай терс көрүнүштөр болуп кетпесин деп, коопсуздукту көзөмөлдөгөн уюм түзүп жатабыз. 

Укук коргоочу Рита Карасартованын айтымында, идеалдуу мамлекетте соттор эркин иштейт. Мындан улам тынчтык митингине чыккандар бир гана Текебаевди чыгарып алууну көздөбөй, сот системасы дайыма адилеттүү болуусун талап кылышы зарыл деп белгилейт.

-Соттор идеалдуу мамлекетте кандайдыр бир тараптын буйругун аткарбай, мыйзамдын негизинде иштейт. Бүгүнкү күндө биздин реформаларыбыздын баары бийликти бир колго топтоо, бир колдон чечүү, бир ой-пикирге монополия түзүү болуп жатат. Ошон үчүн аны кантип жеңебиз? — деген маселени митинг жолу менен жеңсе болот деген ой бар. Андыктан, адамдарды чогултуп реформаларды талап  кылышса, жөн эле Текебаевди чыгарып кетүүнү эмес, андан бийик ачык-айкындуулук, таза сот, монополияга каршы чыгып, жаңы реформага кадам таштайбыз го деген үмүт бар.

Саясат талдоочу Жолборс Жоробеков укуктук мамлекеттерде бийлик алмашып, мыйзамдар өзгөргөндө саясий соттук чечимдер кайрадан караларын айтат. Ал кошумчалагандай, элдин каалоосу менен өткөн тынчтык митингдери адилеттүүлүктү алып келет.

 Укуктук өлкөлөрдө бийлик алмашканда, мыйзам өзгөргөндө саясий маселелер сөзсүз кайра каралат. Менимче, бул жерде (боло турчу митингде — ред.) сотко басым көрсөтүүчү эч нерсе деле жок. Болгону эл өзүнүн оюн билдирип коюу үчүн чогулат деп ойлойм. Укуктук мамлекеттерде көпчүлүктүн каалоосу адилеттүүлүккө алып келет.

Кошумчалай кетсек, саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаров экс-президент Алмазбек Атамбаевдин бийлигинин тушунда соттолгон. Бирок, алардын тарапташтары соттун чечимине макул болбой, учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдон эки саясатчыны абактан чыгарууну сурап кайрылуу да жасашкан. Мындан сырткары, ушул жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген жаңы кодекстердин негизинде эки саясатчынын тең соттук иштеринин кайра каралуусуна жол ачылган. Анын негизинде 23-апрелде Садыр Жапаров менен Өмүрбек Текебаевдин сот өкүмдөрү кайра каралмакчы.

Copyright © 2017 Maral FM