Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков миграциялык каттоого алуу процедураларын жеңилдетүүнү өтүндү

Кыска кабар | 28 Мар 2019 | 808 | 0

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков жана Орусиянын президенти Владимир Путин кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Анда Жээнбеков эки тараптуу кызматташтыктын бийик деңгээлин белгилеп, соода, өнөр-жай, транспорт, миграция тармагында кызматташуу кеңейтилип жатканын, аскердик жана аскерий-техникалык кызматташтыгы ыкчам өнүгүп жатканын айтты.

«Бүгүнкү жолугушуу буга чейин жасалган иштерге саресеп салып, алдыдагы кадамдарды жана кызматташтыгыбыздын багыттарын аныктоого мүмкүнчүлүк берет деп ишенем. Бул мурдагыдай эле биримдиктин, достук мамилелердин жана стратегиялык өнөктөштүктүн алкагында өтөрүнө шек жок», — деди  Сооронбай Жээнбеков.

Президент ошондой эле миграциялык каттоого алуу процедураларын жеңилдетүүнү, мыйзам бузган кыргыз жарандарын өлкөдөн чыгарып салбастан, айып салуу түрүндөгү жоопко тартуу чарасы менен алмаштыруу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү өтүндү.

Мындан тышкары, товарларга байкоо жүргүзүүнүн системасын түзүү үчүн техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө маселенин чечилишин тездетүүгө көмөк көрсөтүүнү суранды.

Терроризм, экстремизм, наркотрафик жана жогоруда белгиленген коркунучтарга каршы биргелешкен күрөштү улантуу маанилүү экенин, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү чөйрөсүндө жардам көрсөтүү программасын кайра жандандыруу мүмкүнчүлүгүн кароону өтүндү.

Президент Сооронбай Жээнбеков жалпысынан каралып жаткан күн тартиби эки өлкө ортосундагы ишенимдүү мамилелердин жогорку даражада экенин тастыктай турганын белгилеп, бардык талкууланган маселелер боюнча өз ара алгылыктуу чечимдерди табылганына жана келечекке жакшы пландар белгиленгенине ишенерин билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM