Биз менен байланышыңыз

Путин: Кыргызстан менен бардык тармак боюнча кызматташабыз

Кыска кабар | 28 Мар 2019 | 688 | 0

Кыргызстандын Евразиялык-экономикалык биримдикке кошулганы өз жемишин берип жатат. Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путин мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков менен кенири чөйрөдө өткөн жолугушуусунда билдирди. Анда ал эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык тармакка дайым көңүл бурулуп келгендигин, ортодогу соода алмашуунун өсүп жатканын айтты.

-Экономикалык тармактан сырткары гуманитардык жана билим берүү боюнча сунушуңуздар менен макул болдук. Кыргызстандын ЕАЭБдеги жана Орусия менен болгон соода алмашуусунун көлөмү өсүп жатат. Учурда Орусиянын жогорку окуу жайларынын бир канча ректору келип, форумга катышып жатышат. Андан сырткары аймактар аралык конференцияга биз тараптан 18 аймактын жетекчиси келди. Бизнес тармагында кызматташууну бекемдөө максатында 200дөн ашык ишкер Кыргызстандан жаңы мүмкүнчүлүктөрдү карап жатышат, — деди Владимир Путин.

Андан сырткары, аскердик кызматташуу да уланарын билдирди.

Кошумчалай кетсек, Орусиянын лидери Владимир Путин мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга биринчи жолу келди.

Кыргызстан менен Орусия 6 млрд. долларлык келишимге жетишти

Copyright © 2017 Maral FM