Биз менен байланышыңыз

Мэрия: Дарактарды кыйганыбыз менен, ботаникалык бакка жардам көрсөтүүдөбүз

Күн чабыт | 28 Мар 2019 | 990 | 0

Бишкекте экологдор жана активисттер: «Мэрия жол салабыз деп, ботаникалык бак-дарактарды четинен кыйдыртып жатат», — деп чыгышты. Анда Каракөл көчөсүн кеңейтүү максатында ушул кадамга барып жаткандыгы айтылат. Мэрия бул туурасында билдирүү жасап, долбоор 2012-13-жылдардагы башкы планга кирип калганы менен түшүндүрүүшүдө. Ушул маселе туурасында Бишкек шаарынын мэринин кеңешчиси Гуля Алманбетова менен аңгемелештик.

— Гуля айым, активисттер: «Мэрия Ботаникалык бакты кыйып, жол салууга киришти», — деп тынчсызданып жатышат. Бул маселе боюнча кеңири түшүндүрүп берсеңиз. Курулуп жаткан кандай жол? Даракты кыйбай жөнгө салуу мүмкүнчүлүгү бар беле?

— Учурда шаардын көчөлөрү Кытай элинен берилген гранттын негизинде жасалып жатат. Анда үч фаза бар. Анын бири — Токтоналиев көчөсүнүн уландысы. Башкы генералдык планга кирген бул альтернативдик жолду оңдоо схемасы 2012-2013-жылдары чийилген экен. Андыктан, биз Улуттук Илимдер академиясы жана ботаникалык бактын кызматкерлери менен келишим түзүп, меморандумга кол коюп, анын негизинде, мэрия бактын калган бөлүгүн кашаалап берүү, арыктарын оңдоп берүү милдетин алганбыз. Негизиайтылып жаткан бак Улуттук Илимдер академиясынын карамагында. Сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан учурда, экологдор менен жергиликтүү тургундардын ортосунда түшүнбөстүктөр болду. Алар экологдорго ачууланган бир топ маселесин айтып беришти. Коомчулукка айта кетерибиз, биз бардык эле бакты кыйып салган жокпуз. Дегеним, Каракөл көчөсүнөн Токтоналиев көчөсүнө бурулган жердеги чоң көпүрөнүн курулушу токтоп турганына бир жарым жылдын жүзү болду. Көпүрө бизге коркунуч жаратып жатат. Эгерде дагы токтотуп кое турган болсок, жол тыгындарын пайда кылат. Тыгын учурунда унаалардан уулуу жыттар чыгып, шаардын абасын булгап жатпайбы? Ошондуктан, ошол көпүрөнүн айланасындагы дарактарды кыюуга аргасыз болуудабыз. Аны экологдор түшүнбөй, бүтүндөй бакты жоготуп атат деп чуу чыгарып атышат. Алар менен мунасага келдик дей албайм. А бирок, аракет кылуудабыз десем болот. Маселени батыраак чечип, арыктарды оңдоп-түздөп, бак-дарактарды сугарууну баштабасак, каяктагы жашыл шаар?

Ал эми эколог Динара Кутманова бул маселе боюнча мындай дейт: 

— Динара айым, мэриянын чечимине кандай баа бердиңиз?

— Айтылып жаткан Каракөл көчөсүн төрт тилкелүү кылуу керек деп жатышат. Ал эми Токтоналиев көчөсү эки тилкелүү болот дешүүдө. Бул кадамдан эч кандай майнап чыкпайт. Жөн эле башты айлантып жатышат. Ботаникалык бакты кыюунун кажети жок болчу. Бир кезде планга кирип калды эле аны аткарыш керек деп эле өсүп турган бак-даракты кыйрата берген туура эмес. 

— Бирок мэрия мындай аракетке Улуттук илимдер академиясынын макулдугу менен барганын айтууда. Анда академия тараптан да катачылык барбы?

— Илим академиясы экология жолу менен эмес, чарбачылык гана жол менен чечип коюптур. Бизде каражат жок. «Ушул кадамга уруксат берсек, бизге арык тартып бересиңер, тегерек-четин тосконго каражат бөлөсүңөр», — деп эсептешип алышкан. Ал жерде Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин жыйынтыгы менен экологдордун келишими болушу керек эле. Мэрия ал агентиктин пикирин эске албай, Улуттук илимдер академиясы макулдугун берген деп жатат.

— Мындай окуялар кийин да кайталанбашы үчүн андай чара көрүү зарыл?

— Бизде атайын Экология кызматы бар. Тилекке каршы, ал кызмат такыр иштебей жатат. Башында эле иштеп чыгып, бекитип берип коюшу керек болчу. Шаардын тургундары айтып жатат, ботаникалык бактын бактары куурап калган, жараксыз деп. Эмне үчүн андай? Албетте өлкөнүн Экологиялык кызматы иштебегендиктен. Андыктан, Экология кызматына катуу талап коюшубуз зарыл.  

Copyright © 2017 Maral FM