Биз менен байланышыңыз

Түлеев: Ботаникалык бакты Бишкектеги «жер мафиясы» атайылап кургатып жатышат

Кыска кабар , Пикирлер | 7 Апр 2021 | 1901 | 0

Бишкектеги Ботаникалык бакты ревизия кылып, чириген бактарды кыйып, Нью-Йорктогу борбордук паркка окшоштуруу зарыл. Мындай пикирин Бишкек шаарынын экс-мэри, «Ак бата» партиясынын лидери Нариман Түлеев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, ботаникалык бакта шаар тургундары оокат кыла ала турган шарттарды түзүү керек.

«Ботаникалык бакты Бишкектеги «жер мафиясы» акырындык менен атайылап кургатып жатышат. Ботаникалык бактай ири аянттагы парк башка шаарларда жок. Бул жер 200 га аймакты ээлеп жатат. Нью-Йорктун паркынын аянты да буга жетпейт. Ушундай бакка тротуар жасап, жарыктандырып, оюн-зоок аянтчаларын куруп койсок, элибиз жыргап эс алмак. Бизге конок келе турган болсо, жайында Ысык-Көлгө, кышында Ала-Арчага алып барасың. Башка жер жок. Парк ишке кирсе, шаардын көрктүү жерине айланмак», — дейт Түлеев.

Ал ошондой эле Ботаникалык бакчаны Илимдер Академиясынын карамагынан шаардын балансына алуу туура экенин белгилейт. Ошол эле учурда бак шаардын балансына өтсө деле илимий изилдөөлөр үчүн эч кандай кедергисин тийгизбей турганын да кошумчалап өттү.

Copyright © 2017 Maral FM