Биз менен байланышыңыз

Темиркулов: Дүйнө санариптик демократияга бара жатат

Кыска кабар , Пикирлер | 14 Апр 2021 | 1513 | 0

Дүйнө санариптик демократияга бара жатат. Бул тууралуу саясат талдоочу Азамат Темиркулов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик система эскирип, анын ордуна санариптик демократия иштейт. Бул — мезгилдин талабы. Анткени саясий партиялардын күчү алсырап баратат.

Санариптик демократияда кадимки демократия орун алат, бирок заманбап техника колдонулат. Жарандар гаджеттердин жардамы менен интернет аркылуу пикирин билдирип, шайлоодо добуш бере алат. Демек, ар бир жаран өлкөнүн келечегин чечүүгө салым кошот. Тактап айтканда, саясий, экономикалык чечимдер үчүн добуш берет.

Учурда санариптик демократиянын лидерлери — Исландия, Швейцария жана Эстония. Аталган өлкөлөрдө айрым мамлекеттик органдар санариптик технология менен иштеп, электрондук өкмөт кызмат кылат.

«Мисалы Исландияда Конституцияны интернет аркылуу кабыл алышкан. Башмыйзамды жазууга жарандардын баары катышкан. Санарип демократияга өтүү үчүн интернет, гаджеттер жеткиликтүү болушу керек», — дейт Темиркулов.

Copyright © 2017 Maral FM