Биз менен байланышыңыз

Коронавирус боюнча Кыргызстанда түз байланыш номерлери иштей баштады

Кыска кабар | 27 Янв 2020 | 1146 | 0

Ухань шаарында Кыргызстандын 15 жараны бар. Алардын 14ү студент, бирөө ишкер. Алар туугандары менен байланышып турат. Бул тууралуу Тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев Өкмөттүн бүгүнкү жыйынында билдирди.

Кыргызстанга келүүнү каалаган студенттер да бар. Бирок Кытай бийлиги Ухань шаарындагы чет элдиктерди чыгаруу боюна чечим кабыл ала элек.

Кытайдагы Кыргызстандын жарандары 8613581902801 номурлары аркылуу байланышууга болот. Андан сырткары 0551312000 Бишкектеги консулдук кызматынын номуруна да байланышса болот.

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык департаментинин:

  • 0(312) 32-30-55;
  • 0(312) 32-32-02;
  • 0(550) 03-36-07 телефон номерлерине байланышып, дүйнө жүзүндөгү коронавирус оорусунун кырдаалы боюнча маалыматты, ошондой эле оорунун алдын алуу чаралары жана биринчи белгилери тууралуу билүүгө болот.

Дене табынын көтөрүлүшү, жөтөлүү жана дем алуунун кыйындашы сыяктуу белгилер байкалган учурда 103 номерине чалуу  же дарыгерге кайрылуу керек.

Copyright © 2017 Maral FM