Биз менен байланышыңыз

Венесуэладагы кризистен миллиондогон балдар мектепке барбай келет

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Мар 2019 | 738 | 0

Адам өлтүрүү, кармап кетүү, электр энергиясынын өчүшү, ичүүчү суунун таңкыстыгы, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагындагы көйгөйлөр мунун баары Венесуэлада болуп жатат. Ошондой эле өлкөдө саясий маселелерда бар. Учурдагы бийликти оппозиция кабыл калбай, ага карата сын айтып келет. БУУнун башкы комиссары Мишель Бачелет  Венесуэладагы абалды баяндаганын аталган оюмдун расмий сайтында жарыяланган.

Маалыматка ылайык, Венесуэлада миллиондогон мектеп жашындагы балдар мектепке барбай келет. Мектепте барганга коомдук транспорт иштебей, мугалимдер жетишпей, жегенге тамак жок. Мугалимдердин жетишпестигин көптөгөн жашоочулардын өлкөсүн таштап кетүүсү менен түшүндүрүп келет. Ошондой эле саламаттыкты сактоо тармагында абал начарлап аялдардын жана балдардын өлүмү өсүүдө.

Мындан сырткары мурда токтотулган инфекциялардын кайрадан жанданып, жайылып башталганы байкалган.

Copyright © 2017 Maral FM