Биз менен байланышыңыз

Таврика сарайына Кыдыр Байсары уулунун эстелик бюстту берилди

Кыска кабар | 22 Мар 2019 | 484 | 0

Бүгүн, 22-мартта Орусиянын Санкт-Петербург шаарында Таврия  сарайында КМШга мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясына Кыдыр Байсары уулунун (Кыдыр Аке) эстелик бюстту салтанаттуу түрдө берилди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Иш-чарага КМШ ПАА Кеңешинин Башкы катчысынын милдетин аткаруучу Дмитрий Кобицкий, Жогорку Кеңештин депутаттары жана Башкы катчынын орун басарлары, КМШ ПААга мүчө мамлекеттердин парламенттеринин өкүлдөрү, ошондой эле тарыхчы, окумуштуулар катышты.

Дмитрий Кобицкий иш-чаранын маанилүүлүгүнө токтолуп: “Ар бир элде тарыхый улуу инсандар бар. Алардын катарында Кыдыр Аке сыяктуу кылымдар бою калкынын эсинен кетпей турган залкарлар саналуу гана. Бүгүн биз ошол акылман саясатчынын, элинин сый-урматына татып, “Аке” деген асыл наамды алып жүргөн кадырман адамдын бюсттун кабыл алып жатабыз” – деди.

Ошондой эле Дмитрий Кобицкий Кыдыр Аке Байсары уулунун бюстту Санкт-Петербург шаарындагы Таврия  сарайында татыктуу орунга ээ экенин кошумчалады.

Өз кезегинде Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз кыргыз жана орус элинин эки тараптуу алакасынын өнүгүшүнө Кыдыр Аке зор салым кошконун белгиледи.

Таврия сарайына Кыдыр Акенин бюстун сыймыктануу менен тапшырып жатабыз. Борбор Азия чөлкөмүндө таанымал адамдар арбын, бирок биздин жердешибиз Кыдыр Аке Евразиялык алкактагы инсан”, – деди Садык Шер-Нияз .

Белгилей кетсек, Кыдыр Аке Байсары уулу – ХIХ кылымдагы кыргыздын белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмери, саясатчысы. Ал он сегиз жашында Арык уруусунун башчылыгына шайланып, аймакты 20 жылдай жетектеген. 1916-жылдагы Үркүн окуясы учурунда Ысык-Көл өрөөнүнүн баарык айылдары Кытайга качканда, Кыдыр аке Орусия империясындагы өзүнүн баркынын бийиктигине байланыштуу өзү жашаган Кереге-Таш, Сары-Камыш, Кайырма-Арык жана башка коңшу айылдарды орустардын куугунтугунан аман сактап калган.

Copyright © 2017 Maral FM