Биз менен байланышыңыз

Жол курган 2 кызматкер көчкүнүн астында калды

Кыска кабар | 22 Мар 2019 | 457 | 0

Транспорт жана жолдор министрлигинин эки кызматкери 21-мартта Жалал-Абад облусунун Ала-Бука —Жаңы-Базар—Кировка жолундагы кар көчкүнү тазалоо учурунда көчкү астында калды.

Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Министрликтин эки кызмактери бульдозер менен буга чейин аталган жолду жаап калган кар көчкүнү тазалап жаткан. Ошол маалда ошол эле участкада түшкөн көчкү бульдозерди ичиндеги эки механизатору менен кошо көмүп калган.

Алар эч кандай жабыркаган эмес. Бүгүн кадимкидей жумушка чыкканын министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Жол бир тарапка ачылган. Учурда аны кеңейтүү иши жүргүзүлүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM