Биз менен байланышыңыз

Бензин ташуучу фирманын салыктан качканы аныкталды

Кыска кабар | 22 Мар 2019 | 855 | 0

Мамлекеттин Салык кызматы салык төлөөдөн качуу максатында бензинди газохол катары Кыргызстанга алып кирген фирманы аныктап чыкты. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы бүгүн кабарлады.

“К.Д.Б.” ишканасы Казакстандан 240,6 тонна бензинди салык төлөөдөн качуу максатында аны газохол катары каттап алып, Кыргызстанга алып кирген.

Бул факт Салык кызматынын кызматкерлери тарабынан текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган. Күмөндүү мунайзат Чүйдүн Кара-Балта шаарында жайгашкан мунайзаттын резервуарында сакталган.

Лабораториянын корутундусуна ылайык, аталган заттын АИ-92 бензини экендиги аныкталган. Салык кызматы тарабынан акциз салыгын өндүрүү иштери уланууда.

Газохол — 90% этилденбеген бензин менен 10% этил спиртинин аралашмасы болуп саналат.

Copyright © 2017 Maral FM