Биз менен байланышыңыз

Кытай: Заводдогу жарылууда кеминде 44 киши каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Мар 2019 | 787 | 0

Кытайдын химиялык заводунда жарылуу болуп кеминде 44 киши каза болду. Дагы жүздөгөн адам ар кандай жаракат алганы кабарланууда. Бул тууралуу “РИА новости” маалымат булагы жергиликтүү бийликке таянып жазып чыкты.

Кытайдын чыгышындагы Цзянсу провинциясындагы заводдо болгон жарылуудан кийин ар кандай деңгээлдеги жаракат алган 640тай адам жергиликтүү 16 ооруканага жеткирилген.

“Учурда зарыл болгон медициналык жардам көрсөтүү үчүн 3500 медицина кызматкери, 90 тез жардам унаасы тартылган. 640тай жабырлануучу 16 ооруканага жеткирилди”, — деп айтылат билдирүүдө.

Соңку маалыматтарга караганда, жарылууда 44 киши набыт болгон. Дагы 90дой кишинин абалы оор.

Кырсык кечээ Сяншуй уездиндеги Яньчэн шаардык округунун аймагындагы “Цзянсу Тяньцзяи” химиялык заводунда жергиликтүү убакыт менен саат 14:00дө болгон.

Жарылуунун күчү ушунчалык катуу болгондуктан, кытайлык сейсмикалык агеттик Гуаньнань уездинин Ляньюньган шаардык округунда жана Цзянсу провинциясында 2,2 баллдык жер титирөө катталды деп чыккан.

Copyright © 2017 Maral FM