Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдө миграциялык борбордон 314 жаран юридикалык кеӊеш алган

Кыска кабар | 20 Мар 2019 | 620 | 0

Ысык-Көл облусунда мигранттардын маселесин чечүү боюнча атайын борбордон бир жыл аралыгында 314 жаран юридикалык кеӊеш алса, 19 адамдын арызы кабыл алынган. Бул тууралуу аталган борбордун юристи Айнакан Намазова билдирди.

Анын айтымында, бул борбордон кеӊеш алуу үчүн мигранттар чет өлкөдөгү көйгөйлөр, кара тизме, гуманитардык жардам алуу, үй-бүлөлүк маселелер боюнча кайрылышат. Азыркы күндө эммигранттадын саны дагы көбөйүп жаткандыктан ар кандай маселенин алдын алуу үчүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен социалдык коргоо, билим берүү тармагы да биргеликте иш алып барууда.

издин жарандарын чет жерден кара тизмеге түшүп калуусунун себеби башка өлкөнүн мыйзамын билбей, келишим түзбөй жүрүп алганы башкы себеп болууда. Андан башка мисалы  Орусияда телефонго акча төлөбөй карыз болуп калса да административдик бузуу болуп эсептелет. Мындан сырткары жарандык никеде жашагандар ажырашып кетүүсү, үй-бүлөгө тиешелүү маселелер менен да кайрылууда. Ушул тапта расмий түрдө арыз жазгандардын 8 мамлекеттик органдарга өткөрүп бердик. Азыр жумуш издеп кеткен жарандардын саны дагы көбөйүп жаткандыктан уруксаат кагаз, эмгек келишими сыктуу түшүндүрмө иштерин улантуудабыз»,-деди Намазова.

Copyright © 2017 Maral FM