Биз менен байланышыңыз

Арипов: Баткен облусун жоюш керек

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Мар 2019 | 1934 | 0

Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты, Борбордук шайлоо коммиссиянын мүчөсү Назарали Арипов “Марал” радиосуна берген маегинде Баткен облусун жоюу зарыл экенин билдирди.

Анын айтымында, өлкө боюнча облустар толугу менен жоюлуп, аймакка айланышы керек. Бул маселе бүгүнкү күндө да актуалдуу болуп жатат. Анткени облустарды жоюп, аймактарды түзүү эффективдүү башкарууга алып келет.

«Адмнистратифдук-территориалдык реформаны Баткен облусунан баштоо зарыл. Баткен-Лейлек, Кызыл-Кыя — Кадамжай — Айдаркен аймактарын түзүп, түздөн-түз мамлекетти башкарууга киргизүү кажет. Себеби биринчиден, чек аранын коопсуздугун сактоо үчүн, чек арасы аныкталбагандыктан ал жакта жашаган тургундарга шарт түзүү боюнча түз каржылоо киргизүү кажет. Адмнистративдик-территориалдык реформа мурдараак башталганда азыркы чыр-чатак болмок эмес. Аймактын жетекчилери өрөөндүн экономикасын көтөрүп, социалдык абалын жакшыртууга толук мүмкүнчүлүк беришибиз керек», — дейт Арипов.

Ал күчтүү кадр мыйзамдын кандай иштешине карабай, эл менен иштеп кетерин белгиледи.

«Баткен районунун Аксай аймагындагы көйгөйлөр боюнча аталган аймакка 2014-жылдан баштап 100 млн сомдон каражат бөлүнө баштаган. Ошол акчаны эффективдүү колдонуп, Лейлек анклав болуп калбашы үчүн Аксай элине жол куруп койсо болмок. Бул жерде каражаттар кайда кеткени боюнча маселени көтөрүү зарыл», — дейт экс-депутат.

Арипов мындан сырткары, Аймактарды өнүктүрүү жылына карата көзгө көрүнөрлүк жыйынтык болбой, Өкмөт президенттин жарлыгын толук аткара албай жатканын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM