Биз менен байланышыңыз

«Биоотун жөнүндө» мыйзам долбоору 2-окууда жактырылды

Кыска кабар | 18 Мар 2019 | 518 | 0

Бүгүн, 18-мартта Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында «Биоотун жөнүндө» мыйзам долбоору 2-окууда жактырылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуевдин баяндамасы боюнча биоэталонду өндүрүүнү жылына 1,5 млн дал өндүрүш кубаттуулугу менен «Кара-Балта» спирт заводунун базасында ишке киргизилет. Биоэтанолду өнүдүрүү орточо эсеп менен алганда,  140 млн сом өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. 800 млн сомго өндүрүштү жогорулатууга, 100 млн сом  салык төлөмдөрүнө түшөт. Бензинди өлкөгө импорттоо 15 миӊ тоннага чейин кыскарат. Кыймылдаткычтардын иштетилген газдарды чыгаруусунда уулуу заттардын төмөндөшүнүнү негизинде экологиялык абал жакшырат.

Маалыматка ылайык, Биотун – термохимиялык же биологиялык ыкма менен биомассадан алына турган катуу, суюк же газ түрүндөгү отун. Бензинге 10% биоэтанолду кошуп пайдалануу менен уулуу заттардын газ болуп сыртка чыгышы 25%га, оксид көмүртегин (СО) 30%га чыгышын, газдарды сыртка чыгарууда катуу бөлүкчөлөрдүн курамын 50%га төмөндөтөт.

Copyright © 2017 Maral FM