Биз менен байланышыңыз

Жаңы Зеландияда жабыр тарткандарга жардам берүү үчүн банктык эсеп ачылды

Кыска кабар | 17 Мар 2019 | 796 | 0

Givealittle фонду Жаңы Зеландияда мечитке болгон кол салуудан жабыр тарткандардын үй-бүлөсүнө жардам берүү максатында банктык эсеп ачты. Бул тууралуу маалымат аталган фонддун баракчасында жарыяланды.

Ушул чакта банктык эсепке 243 миң доллар топтолгон.

Ондогон үй-бүлөнүн мүчөлөрү көз жумуп көптөгөн адамдар жабыр тартышты. Алар биздин жардамыбызга жана колдообузга муктаж. Топтолгон бардык жардам Крайстчерче шаарында жабыр тарткандарга жана алардын үй-бүлөлөрүн колдоого жумшалат”,- деп жазылган сайтта.

Ушул чакта 5 миң адам жардам көрсөткөн.

Эске салсак, 15-мартта Жаңы Зеландиянын эки мечитинде кол салуу болуп 49 адам каза болуп, 48 адам жаракат алган.

Copyright © 2017 Maral FM