Биз менен байланышыңыз

Пандемия: дүйнөдө 20 миллиондон ашык адам вирус жуктурду

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Авг 2020 | 810 | 0

Дүйнө коронавирус менен күрөш уланууда. Пандемия башталгандан бери илдет планетанын 20 миллиондон ашык тургунуна жуккан. Ушул вирустун айынан пайда болгон өпкө ооруларынын кесепетинен 732 миңден ашуун адам көз жумуп, 12,8 миллиондон ашык бейтап айыгып кетти. Мындай маалыматты Worldometer эл аралык ыктыярчылар тобуна  таянып бүгүн, 10-августта, чет элдик басылмалар жазды.

Worldometer веб-сайтынын 10-августка карата билдиргенине караганда, пандемия башталгандан бери дүйнө жүзү боюнча 20 024 263 бейтапка инфекция жуккан. Такталган диагноз менен COVID-19 илдетинен каза болгондордун саны 734 миң адамга жетти (733 995 адам). Экинчи жагынан, дээрлик 12,9 миллион адам (12,898,238) инфекцияны жеңе алды.

Роберт Кох Институту Германияда коронавирустун жаңы 436 учуру аныкталгандыгын билдирди. Аны менен Германияда коронавируска кабылгандардын жалпы саны 216 миң 327 адамга жетти. Акыркы суткага карата бир бейтап көз жумуп, пандемия башталгандан бери 9 197 адам каза тапты.

Жаңы Зеландияда 100 күндөн бери коронавирус каттала элек. Ошого карабастан, өлкөнүн бийлиги тургундарды  сак болууга үндөйт. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, бүгүнкү күнгө чейин Жаңы Зеландияда инфекциянын жалпы 23 учуру катталды.

Орусия Түркиянын курорттук аймактары болгон Анталия, Бодрум жана Даламан шаарларына жүргүнчү каттамдарын жандандырат. Өкмөттүн чечими боюнча, биринчи этапта Москва, Санкт-Петербург жана Ростов-на-Дону шаарларынан гана учуулар мүмкүн болот.

Буга чейин Turkish Airlines, Pegasus, Corendon Airlines, Aeroflot, S7, Победа, Россия, Ural Airlines, Red Wings, Royal Рейс, Nordwind, Pegas Fly, AZUR авиакомпаниялары ушул багыттар боюнча учууларды калыбына келтирүү пландарын жарыялаган. Орусия менен Түркиянын жүргүнчү каттамдары март айынын аягында пандемияга байланыштуу токтотулган.

Copyright © 2017 Maral FM