Биз менен байланышыңыз

Жаңы Зеландияда окуучуларды ташыган автобус менен поезд кагылышты

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Сен 2020 | 409 | 0
Жаңы Зеландияда окуучуларды ташыган автобус поезд менен кагылышып, айдоочу ошол жерде көз жумган. Бул тууралуу New Zealand радиосу билдирди.

Айдоочудан сырткары, бул кырсыкта 40 окуучу ар кандай түрдөгү жаракат алган. Анын ичинен алтоосу ооруканага жаткырылган, аларга керектүү медициналык жардам көрсөтүлдү. Учурда балдардын абалы туруктуу.

Маалыматта айтылгандай, жол кырсыгы Палмерстон-Норт шаарындагы темир жолдо болгон.

Учурда окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM