Биз менен байланышыңыз

Жаңы Зеландия: Мечиттеги терракттын видеосун тараткан жаран эркинен ажыратылды

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Июн 2019 | 531 | 0

Жаңы Зеландиянын Крайстчёрч шаарындагы мечиттерге кол салуу боюнча видеолорду социалдык тармактарга жайылтууга айыпталган 44 жаштагы Филип Арпс 21 айга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу «The New Zealand Herald» басылмасы жазды.

Полициянын маалыматына ылайык, Арп мечитке кол салууга айыпталган австралиялык Брентон Тарранттын терракттык чабуулунун видеосун социалдык тармактарга бөлүшкөн.

Эске салсак, ал 15-мартта Крайстчёрч шаарындагы мечиттердин биринде ок атып, андан соң экинчи мечитке барып кол салган. Бул аракеттерин Таррант«Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу түз эфирде көрсөткөн.

Copyright © 2017 Maral FM