Биз менен байланышыңыз

Жаңы Зеландиянын 95 жаштагы тургуну мусулмандарды колдоп, митингге чыкты

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Мар 2019 | 626 | 0

Жаңы Зеландиялык 95 жаштагы пенсионер мусулмандарды колдогон акцияга катышты. Бул тууралуу islam-today.ru маалымат булагы жазды.

Окленд шаарынын тургуну, Жаңы Зеландиялык армиянын ардагери Жон Сато өлкөнүн мусулман коомчулугун колдоо максатында узак жол басып, Крайстчерч мечитиндеги террордук актыда курман болгондорду эскерүү акциясына катышкан.

Журналисттер менен маектешип жатып, аксакал Жон каргашаны уккандан кийин түнү бою уктабай чыкканын айткан.

Пенсионерди иш-чарадан кийин полиция кызматкерлери үйүнө жеткиришкен.

Эске сала кетсек, Крайстчерч шаарындагы 2 мечитте болгон террордук актыда 50 киши набыт болуп, 50дөй адам жаракат алган.

Copyright © 2017 Maral FM