Биз менен байланышыңыз

Жаңы Зеландиядагы аялдар мусулмандарды колдоо максатында жоолук салынышты

Кыска кабар | 24 Мар 2019 | 700 | 0

Жаңы Зеландиядагы мусулман аялдары болуп өткөн теракттан кийин үйлөрүнөн чыккандан коркушкан. Аларды коргоо максатында жергиликтүү жашоочулар дагы жоолук салынып көчөгө чыкканын Deutsche Welle жазып чыкты.

Жаңы Зеландиядагы аялдар мусулмандарды колдоо максатында мечиттеги теракттан кийин көчөгө жоолук салынып чыгышкан. Жаңы Зеландиянын премьер министри Жасинда Ардерн мусулмандар менен болгон жоолугушуусунда өзү биринчилерден болуп жоолук салынган.

«Бүгүн маанилүү күн, үрөй учурган кол салуу болгонуна бир жума болду. Мусулман аялдарына тилектештик максатында сыймыктануу менен жоолук салындык. Бул биздин колдой турганыбыздын белгиси, бул алар биздин коомдун бир бөлүгү экендигин көрсөтөт,” –деп айткан жергиликтүү жашоочу Родин Молони.

Жума күнү 22-мартта  өлкөнүн жашоочулары  көз жумгандардын урматына бир мүнөттүк эскерүү өткөрүшкөн.

Эске салсак, 15-март күнү Крайстчарч шаарындагы мечиттердеги терракттан 50 киши набыт болуп, 40тай жаракат алган. Терактка шектүү башкы кылмышкер Австралиянын жараны 28 жаштагы Брентон Таррант экени маалым болгон. Австралиянын премьер-министри Скотт Моррисон да Тарантты «ашынган террорист» деп баалайт.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM