Биз менен байланышыңыз

Нигерияда теракттан 30 адам каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Янв 2020 | 1004 | 0
Нигериядагы жардыруудан 30 адам каза болду. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, 6-январда Камерун менен чектешкен Гамбару шаарындагы көпүрөдө жардыруу болгон. Террордук акттын кесепетинен кеминде 30 киши каза болуп, 35 тургун ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышкан.

Азырынча жардыруу боюнча эч бир террордук уюм жоопкерчиликти ала элек.

Эскерте кетсек, жардыруу болгон аймакта «Боко харам» жана ИМ террордук топтору активдүү иш жүргүзүп келишет.

Copyright © 2017 Maral FM