Биз менен байланышыңыз

Террордук уюмдун лидери аль-Багдадинин сөөгү деңизге чөктүрүлдү

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Окт 2019 | 3091 | 0

«Ислам мамлекети» террордук уюмунун башчысы Абу Бакр аль-Багдади жашынган үй анын жардамчысы аркылуу табылган. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды. Андагы маалымат боюнча 26-октябрь, ишемби күнү Сирияда өлтүрүлгөн «Ислам мамлекети» (ИМ) террордук тобунун лидери Абу Бакр аль-Багдадинин сөөгү деңизге чөктүрүлгөн. Мунун  себеби террорчунун көрүстөнүн сыйынуучу жайга айлантпоо аракети менен түшүндүрүлдү.


Трамп «Ислам мамлекети» тобунун лидери Багдади өлтүрүлгөнүн билдирди


Эскерте кетсек, АКШ президенти Дональд Трамп «Ислам мамлекети» террордук тобунун лидери америкалык аскерлердин операциясынын жыйынтыгында өлтүрүлгөнүн билдирген.


Трамптын Абу Бакр аль-Багдадини жок кылуу операциясына көз салып жаткан сүрөтү чыкты


Ал эми Сауд Арабиянын мураскер ханзадасы Мухаммед бин Салман АКШ президенти Дональд Трампты террордук топту жана анын лидерин жок кылуу иш-аракетинин ийгиликтүү аякташы менен куттуктады. Ак үйдүн маалыматына ылайык, алар телефон аркылуу сүйлөшүшкөн. АКШ президентинин маалымат катчысы билдиргендей, өлкө башчылары эки тараптуу кызматташтык жана диний маселелер боюнча да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн.

Copyright © 2017 Maral FM