Биз менен байланышыңыз

Трамптын Абу Бакр аль-Багдадини жок кылуу операциясына көз салып жаткан сүрөтү чыкты

Кыска кабар | 28 Окт 2019 | 1599 | 0

АКШ президенти Дональд Трамптын өзүн «Ислам мамлекети» деп атаган террордук топтун башчысы Абу Бакр аль-Багдади жана анын согушкерлерин жок кылуу операциясына назар салып жаткан сүрөтү чыкты. Мындай сүрөттү Ак үй жарыялаганын маалымат каражаттары жазды.

Трамп буга чейин «Ислам мамлекети» тобунун башчысы аскерлерден качып, жер астындагы тоннелге жашырынып, жан кечти курун жардырган деп билдирген.

Операциянын жыйынтыгы менен көп сандагы согушкерлер жок кылынып, 11 бала куткарылган.

Сүрөттө столдун төрүндө Трамп отурат. Анын жанында вице-президент Майк Пенс, коргоо министри Марк Эспер жана коопсуздук боюнча кеңешчи Роберт О’Брайен, башкаруу штабынын бириккен комитетинин төрагасы генерал Марк Милли бар.

Copyright © 2017 Maral FM