Биз менен байланышыңыз

Трамп «Ислам мамлекети» тобунун лидери Багдади өлтүрүлгөнүн билдирди

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Окт 2019 | 1451 | 0

АКШнын президенти Дональд Трамп «Ислам мамлекети» террордук тобунун лидери Абу Бакр аль-Багдади америкалык аскерлердин операциясынын жыйынтыгында өлтүрүлгөнүн билдирди. Бул тууралуу «Борбор Азия жаңылыктары» порталы жазды.

– «Багдади оорукчан жана адеп-ахлаксыз киши болгон. Эми ал жок. Багдади ырайымсыз адам болгон, ырайымсыз түрдө өлтүрүлдү. Ал коркоктой болуп качып жүргөн. Эми ал күнөөсүз бир дагы кишини, аялды же баланы кордой албайт. Ал ит, коркок сыяктуу өлдү. Дүйнө коопсузураак болуп калды», – деди Трамп.

Трамптын айтымында, америкалык аскерлер аль-Багдадини бир нече жума мурун таап, аңдып жүрүшкөн. Операцияга сегиз тик учак жана ондогон аскерлер катышкан.

АКШ президенти операцияга даярданууга жардам бергени үчүн Орусия, Түркия, Сирия, Ирак өкмөттөрүнө жана күрд куралдуу кошуундарына ыраазычылык билдирди.

Маалыматтарга караганда, Түркия менен чек арага жакын Идлиб провинциясындагы айылдардын бирине чабуул башталганда Багдади жана анын эки аялы өздөрүн жардырып жиберишкен. Андан соң террорчу жашынган үйгө абадан сокку урулган.

Багдади өлтүрүлгөнү боюнча буга чейин бир нече жолу кабарланган, бирок ырасталган эмес. Америка өкмөтү анын жүргөн жери тууралуу маалымат үчүн 10 миллион доллар сыйакы жарыялаган.

“Ислам мамлекети” тобу Ирак менен Сирияда 2014-жылдан тарта басып алган аймактардан сүрүлгөн соң, Абу Бакр аль-Багдадинин кайда экени белгисиз болчу.

Copyright © 2017 Maral FM