Биз менен байланышыңыз

Өлтүрүлгөн Аль-Багдадинин ордуна жаңы лидер келди

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Ноя 2019 | 1408 | 0

«Ислам мамлекети» (ИМ) террордук тобунун мүчөлөрү мурдагы лидери Абу Бакр аль-Багдадинин өлтүрүлгөнүн тастыктап, жаңы башчы келгенин билдирди. Маалыматтарга ылайык эми бул уюмдун лидери — Аби Ибрахим аль-Хашеми аль-Кураши.

26-октябрда «ИМ» террордук уюмунун ана башчысы Ал-Багдади атайын кызмат чабуул койгондо колго түшүп берүүдөн баш тартып, өзүн жанкечтинин куру менен жардырып жиберген. Куралдуу күчтөрүнүн борбордук командачылыгынын башчысы Кеннет Маккензи билдиргендей, аль-Багдади өзүн эки баласы менен бирге жардырган. Андан сырткары, операциянын жүрүшүндө 6 согушкер менен 4 аял каза болгону белгилүү.

Пентагон 31-октьябрда колго түшүрүү иштеринин видеосун жарыялады.

27-октябрда Америка Абу Бакр аль-Багдади сөөгү деңизге чөктүрүлгөнүн билдирген. Денени мындай жол менен жок кылуу ыкмасы террорчулардын мүрзөсүн зыярат кылынчу жерге айландырбоо үчүн тандалган.


Террордук уюмдун лидери аль-Багдадинин сөөгү деңизге чөктүрүлдү


Буга чейин Абу Бакр аль-Багдадинин дареги анын жардамчысы аркылуу табылганы айтылган. «The Washington Post» гезити жазгандай, маалымат тарабынан жардам берген булакка 25 миллион доллар акчалай сыйлык каралган.

Copyright © 2017 Maral FM