Connect with us

Ислам тарыхындагы терроризм: Аты өзгөрсө да, заты өзгөрбөй келет

Блог | 12 Ноя 2019 | 1288 | 0

Он беш кылымдан ашкан убакытты өз боюна камтыган ислам тарыхы кайсыл жагынан алып карабагын, тарыхый окуяларга өтө бай. Адамзат тарыхында ислам дини түгөнгүс баалуулуктары жана терең философиясы менен өзгөчөлөнүп турат . Дүйнөлүк цивилизациянын өнүгүшүндө, илим-билимде, искусстводо, философияда ислам дининин прогрессивдүү дин болуп келгендигин жакшы билебиз. Ошого карабастан, учурда ислам динине жамынган террористик же экстремисттик аракеттеги топтордун чыгышынын себеби эмнеде? Ислам тарыхында да учурубуздагыдай адашкан мусулмандарды көрүүгө болобу деген суроолор туулбай койбойт. Бул суроолорго жооп издеп адистерге кайрылганыбызда учурдагы «мусулманмын» деген террористтердин жана экстремисттердин пайда болуусу ислам тарыхында жаңылык эмес экенин, айрыкча, алардын аты өзгөрсө да заты өзгөрбөй келгенин, мунун түпкү себеби кайра эле сабатсыздык же динди толук түшүнбөөгө барып такаларын чыгыш таануучу адис Искендер Ормон уулу баяндап берди:

Ислам дининдеги алгачкы экстремисттик топ

Тарыхта экстремисттик  топ катары борбордук башкарууга баш көтөргөндөрдүн алгачкы жолу чыгуусу мусулмандардын  төртүнчү халифасы болгон Азирети Алинин башкаруу убагына туура келет. Булардын тамыры ага чейин пайда болсо да, саясий күч катары алардын баш көтөрүүсү “Сыффин согушу” менен байланыштуу.  Мамлекеттүүлүк жаңы түптөлүп, мусулмандар коому кеңейүү процессинде ошол кездеги халифа Азирети Алинин саясатына Шам (учурдагы Дамаск, Сириянын борбору) аймагынын губернатору  Муавия  каршы чыгып, анын халифтигин тааныбай коёт. Так талашууга чекит коюуну каалаган Азирети Али менен Муавия Сыффин аймагына өз кошуундары менен беттешүүгө келет. Бирок ошол жерде эки тараптын дипломаттары бир бүтүмгө келип, маселени сүйлөшүү жолу менен чечүүгө өтөт. Эки тараптан үчтөн калыс адамдар тандалып,  алардын чечими кандай болсо, ошону аткарууга макулдашат. Ошол жерден Хазрети Алини коштоп келген бир топ эки тарапка тең каршы чыгат. Алар бардык нерсе Ыйык Куранда так көрсөтүлгөнүн жана ошого карабастан, калыстарды кабыл алуу Куранды четке кагуу экендигин айтат. Куран жана хадистер турганда адамдардын акылына таянып иш кылуу кудайга шек келтирүү деп эсептеп, ошол жерден өздөрүнчө бөлүнүп чыгат.

Харижийлер Курандын текстин түз кабыл алгандар

Алар өзүнчө чыгып кеткенинен улам “харижийлер” деп аталган. Бул сөз араб тилиндеги “Хаража”-“чыгуу” деген сөзүнөн алынган. Бул бөлүнүп чыккан топтун өзгөчөлүктөрү: негизинен, ислам маданиятынын чордонунан алыс болгон, сабаты жоюлбаган, Куран жана анын маанисин түз кабыл алып, аны ар бир учурдун талабы жана шартына жараша жорумдай албаган адамдардын тобу.  Ошондой эле социалдык жактан артта калып, ар бир нерсени сөзмө-сөз түшүнүп, корс  жана орой сыпаттарга ээ адамдардын тобу эле.

“Харижийлер” өз ибадаттарына өтө бекем болушуп, тизелери жооруганча намазга жыгылышкан. Бирок ошол эле күнүмдүк маслелерди чечүүдө, эски заманга кайрылып, учурдун талабын эске алышкан эмес. Ошондой эле, алар менен бирдей түшүнүктө болбогон адамдарды динден чыккан деп, өз алдынча жазалоого да барышкан. Бул кадамдарын легитимдүү деп эсептешкен.

“ИМ”, “Боко Харам” жана башкалар — “харижийлердин” заманбап формасы

Учурдагы экстремисттик топторду жогоруда аталган “харижийлердин” негизинде талдап көрүү зарыл. Анткени азыркы тапта Нигерияда өз үстөмдүгүн көрсөткөн “Боко Харам” согушчандар тобу ж.б топтор “харижийлердин” заманбап формасы. Булардын баарынын заты бир. Себеби “Боко Харам” тобунун атын алып караганда эле “Заманбап илимдер арам” дегенди түшүндүрөт. Ошол эле Сирия жана Иракта кулач жайган “Ислам мамлекети” террордук тобу да илим-билимдин өнүгүүсүнө каршы. “Талибандар” да ошол кездеги менталитет менен жашап, логикасы, түшүнүгү “харижийлерден” айрмаланбайт. Баарынын орток өзгөчөлүктөрү маселелерге ар тараптуу карай албоо, ыйык тексттерди доордун, учурдун талабын да эске алган талдоо эмес, сөзмө-сөз кабылдоо жана башкалары да ошондой кабылдоого таңуулоо логикасын көрө алабыз.

Экстремиздин өнүгүүсүнүн негизги себептери

Экстремисттердин пайда болуусуна социалдык, экономикалык жана саясий себептер түрткү болот. Жогоруда айтылгандар бир гана ислам дининде эмес, башка диндерде, светтик коомдордо да радикализмдин өрчүшүнө шарт түзгөн орток себептер.

Социалдык себептер — Азыркы тапта мусулман өлкөлөрүндөгү билим берүү начар. Сабаттуулуктун өлчөмү өтө төмөн. Бир эле мисал китеп окуу маданиятынын индекси ислам дүйнөсүндө өтө аз. Мусулмандар жашаган өлкөлөрдүн китеп окуу көрсөткүчтөрү “Даар-уль-Фикр” басма үйү тарабынан изилденген. Анда мусулман эмес, өнүккөн өлкөлөрдө бир адам жылына 14-20 китеп окуса, ислам дүйнөсүндө ар бир адам жылына китептин алты бетин гана окугандыгы белгилүү болгон. Окуу жайларды алып карасак да, ошол эле каңырыкты түтөткөн абал алдыбызга чыгат. Алсак, дүйнө боюнча жогорку окуу жайлардын сапатын чагылдыргын тизмектерди карасак, алгачкы 100 университеттин ичинде ислам өлкөлөрүнөн эч бир университетти көралбайбыз. Бул көрсөткүч алгачкы 500 ичинде да өтө сейрек кездешет. Орто мектептердин абалын салыштырган тизмектерде да бул көрсөткүч көп айрымаланбайт.

Сабаттуулуктан сырткары, бала тарбиясына Куран жана пайгамбардын осуяттарын эске алып, педагогика, психология ж.б илимдердин негизинде иш алып барганыбыз да күмөн мусулмандар катары. Учурда кездешип жаткан жардыруу, өлтүрүү жана жок кылуу аракеттери менен таанымал исламга жамынган террордук топтор эң башкысы тарбия жагынан запкы жеген жана натыйжада, психикалык жетишпестиктери айкын феномен экендигин билишибиз керек. Мисалы, ошол эле “Ислам мамлекети” террордук тобундагы мыкаачы адамдардын психикасына өзгөчө көңүл буруу зарыл. Бул экстремисттик топтун баары эле психикалык оорулуудай туюлат. Себеби жүздөгөн адамдары камаарабай туруп өлтүрүп, тарыхый, маданий байлыктарды түркөйлүк менен жок кылуу пайгамбардын үммөтү болгон момундарга таандык сыпат эмес. Байкап караганда, психикалык запкы көрүп өскөн адамдар бир жерге топтолгондой көрүнөт.  Андай болбосо Түркиядагы бир изилдөө боюнча бир күндө миң мусулман киши колдуу өлтүрүлсө, анын 900ү кайра эле мусулман бир тууганынын колунан каза болгонун эмне менен түшүндүрүүгө болот.

Ушундан улам, бала тарбиясына да көңүл бурчу мезгил келип жеткендей. Анткени зомбулук көрүп өскөн бала чоңойгондо ички кегин башка бирөөдөн алууга аракет кылат. Толеранттуулук темасында эң негизги мисал Мухаммед Пайгамбарды айтса болот. Бирок азыркы учурдагы анын үмөттөрү анын жаш балага жасаган мамилесинин бирөөсүн да аткарбайт.

Экономикалык себептер — Дүйнөдөгү энергетикалык булактардын 60 пайызга жакыны мусулмандар жашаган чөлкөмдө жайгашканы жазылат. Алардын көпчүлүгү нефть, газ, суу ж.б сыяктуу жаратылыш ресурстарынан турат. Ошого карабастан, бир да мусулман өлкөсү дүйнөлүк экономикасы күчтүү өлкөлөрдүн ондугуна кирген эмес. Башкача айтканда, бардык ислам өлкөлөрүнүн экономикасы биригип, бир Германияга эле тең келе албайт.  Мындан сырткары, коррупция боюнча Transparency International   чыгарган статистика дагы көп нерсени айтып турат. Мусулмандар жашаган өлкөлөрдө коррупциялык көрсөткүчтөр жогору. Бул нерсе биз кайсыл жерде жаңылып жатканыбызды айтып тургансыйт.

2016-жылы Вашингтон университетинин мусулман окумуштуулары “Ислам экономикалык индекси” деген эмгегин жарыялады. Анда ислам дининин мазмуну болгон Куран жана сүнөттөгү принциптердин (уурулук кылбоо, пара берүү, кылмыштуулук, коомдук жайларда бир-бирине сый мамиле ж.б ) күнүмдүк жашоодо аткарылышын критерийлерге карап изилдеген. Изилдөөдө 202 өлкөнү карап чыгышып, алдыңкы отуздукка бир да мусулман  өлкөсү кирген эмес. Алдыңкы оңдукка Батыштын өнүккөн өлкөлөрү кирип, ал эми Малайзия 33 орунда, Кувейт 42, Казакстан 54, Түркия 71-орунда, Исламдык республика деп аталган Иран 135-орунда жүрөт. Демек, экономикасы жакшы өнүкпөгөн коомдо жаштар реакциячыл мүнөздө өсүп чыгышат. Өлкө жетекчилигине нааразы, башка бирөөнү күнөөлөгөн муун радикалдык иштерге да бат азгырылат.

 

Саясий себептер — ислам дининде ачык айкын же бир тараптуу саясий башкаруу сунушталбайт. Бирок эркиндик, кеңешүү жана адилеттүүлүктү камсыздаган башкарууну талап кылат. Куранда парламенттик же президенттик башкаруу деп сунушталбайт. Башкаруунун кандай формасы болсо да, эркиндик, ачыктык, кеңешип иш кылуу, адам укуктарын тепселебөө ж.б ушул сыяктуу принциптердин болуусун сунуштайт. Азыркы кезде соттордун көз карандылыгы, демократия, адам укугун коргоо деген “баалуулуктар” да ислам принциптерине дал келет. Бирок мусулман өлкөлөрүндө бул көйгөйлөр чечилбей келет. Мунун баары “неохарижийлердин” чыгуусуна шарт түзүүдө. Мындан чыгуунун бир гана жолу радикализм менен күрөшүүдө анын чыгуу себептерин чечүү зарыл.

Жыйынтыктап айтканда, өнүкпөгөн,  китепке кызыкпаган коомдо үмүтсүз жаштар пайда болот. Үмүтсүздүктүн акыр түбү айласыздыкка жетелейт. Мындан улам: “Келгиле, чыныгы мусулман болуп жашайлы”, — деген сөздү айтчу мезгил келди.

 

 

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM