Connect with us

Кыргызстанда эл аралык террордук уюмдун мүчөсү кармалды

Кыска кабар | 8 Фев 2019 | 851 | 0
Кыргызстандын түштүк аймагында эл аралык террордук уюмдун мүчөсү кармалды. Ал буга чейин издөөдө жүргөн. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, издөөдө жүргөн шектүү Жалал-Абадда колго түштү. Ал Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн биринин жараны. Буга чейин шектүү өз өлкөсүндө оор мүнөздөгү кылмыш кылгандыгы үчүн издөөдө турган. Мындан сырткары террордук багыттагы иштерди аткарып жүргөнү аныкталды.
Алдын ала алынган маалыматка таянсак, кармалган жаран буга чейин жарылуучу заттарды колго жасоо боюнча атайын курстан өткөн. Ал Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз кирип, террордук уюмдарды түзүүнү максат кылып жүргөн.

Copyright © 2017 Maral FM