Биз менен байланышыңыз

Бакиев: Экстремизмдин алдын алууда пландуу иштейбиз

Күн чекит | 18 Окт 2018 | 1264 | 0

17-октябрда Крымдын Керч шаарында катталган жардыруудан улам 20 адам набыт болду. Ушул сыяктуу күтүүсүз окуялардын алдын алуу максатында мамлекетибиздин коопсуздук түзүмдөрүндө кандай иш-чаралар алынып барылганы тууралуу ИИМнин экстремизм жана терроризм менен күрөшүү бөлүмүнүн өкүлү Эрлан Бакиев менен маек курдук.

-Саламатсызбы, Эрлан мырза. Кечээ Крымдын Керч шаарындагы массалык адамдарга кол салуу бизге да сабак болду окшойт. Мына ушундай жагдайларга каршы биздин күч түзүмдөрүбүздө кандай даярдык бар?

-Албетте, эч ким теракт же ушул сыяктуу жагымсыз абалды болбойт деп кепилдик бере албайт. Ошого карабастан, биздин куч түзүмдөрү, ИИМ пландуу түрдө алдын алуу даярдыктарын алып барабыз. Мисалы, кызматкерлерибиздин адистик жактан өсүп такшалуусун шарттоо үчүн окутуулар жана участкалык инспекторлорду калктуу аймактарда, коомдук жайларда шектүү буюм-тайымдар жана адамдар менен кантип иш алып баруу керек экенин үйрөтүүчү курстарды өткөрүп келебиз.

-Экстремисттик уюмдар өздөрүнүн максаттарын ишке ашырууда өзгөчө жаштарга басым жасашат. Мындай кара ниет топтордун кылтагынан жаштарыбызды сактап калуу максатында жүргүзгөн атайын иш-чараларыңыздар барбы?

-Албетте, бар. Биз мектептер жана жогорку окуу жайлар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Өзгөчө туура эмес идеологиядагы уюмдардын тузагына илинип калган жаштарды тактап, алар менен иш алып барабыз. Мындан сырткары, 2014-жылдан бери ишке ашып келе жаткан “Интернет кайрылуу” аттуу долбоорубуз бар. Анда 11-класстын окуучулары жана студенттер менен жабык группаларда мониторинг, маалымдоо иштерин жүргүзөбүз.

-Сириядагы жарандык согушка катышкан чет элдик согушкерлерди өз өлкөлөрүнө кайтууну расмий Сирия талап кылды. Ушул сыяктуу террордук топтордук иштерине активдүү катышкан жарандар өлкөбүзгө кайтып келгенде кандай чараларга дуушар болот? Аларды коомго аралаштыруу, реабилитациялоо иштери жүрөбү?

-Биз өзүбүздүн мыйзамдын чегинде гана иш алып барабыз. Сирия болобу, же башка мамлекеттеги мыйзамсыз иштерге аралашып жургөндөр мыйзам чегинде жоопко тартылышат. Мындай жарандар такталса, ИИМ сотко өткөрүп берип, ишине сот өкүмүн чыгарат. Албетте, алардын сыртта кандай иштерди кылган, кандай абалда аралашканы такталып, ошого жараша чара көрүлөт. Мындан сырткары реабилитациялык борборду куруу тууралуу создөр айтылып жатат. бул да ишке ашуусу күтүлүүдө.

-Экстремисттик топко аралашып, кийин кайра андан өз ыктыяры менен баш тарткан адамдарды кандай чаралар күтөт?

-Албетте, мындай жагдайлар көп эле кездешет. Өз ыктыяры менен мыйзамсыз жолдон кайтып келип, бизге кабар бергендер акталып, сот жообунан кутулгандар бар. Бирок бул иликтөөлөрдү талап кылган иш. Себеби максаттуу түрдө ушундай кадамга барып, экстремисттик топтордун кызыкчылыгына туура келген иштерди жасагандар да болот. Кантсе да, акталып, жазадан кутулгандар дагы биздин кароодо турат. Кезегинде алар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп турабыз.

Copyright © 2017 Maral FM