Биз менен байланышыңыз

Орусияда алты кыргыз жараны экстремизмге шектелип камакка алынды

Кыска кабар | 20 Фев 2020 | 1108 | 0

Орусиянын Москва шаарында экстремисттик уюм түзүүгө шектелип, Кыргызстандын 6 жараны кармалды. Алар Мещанск райондук соту тарабынан март айына чейин соттолгонун орусиялык басылмалар жазды. Алар Орусия Федерациясынын аймагында тыюу салынган «Таблиги Жамаат» уюмунун мүчөлөрү катары шектелип, Орусиянын Ички иштер министрлиги жана Федералдык коопсуздук кызматы тарабынан кармалган.

Уюмдун мүчөлөрү чогулуп, «Таблиги Жамааттын» идеологиясын жайылткан. Кармалгандар жашаган жерден экстремисттик адабияттар, анын ичинде Орусиянын Юстиция министрлигинин экстремисттик материалдар боюнча тизмесине кирген адабияттар жана тыюу салынган белгилер табылды, — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда «Таблиги Жамаат» диний агымына тыюу салынган эмес.

Copyright © 2017 Maral FM