Биз менен байланышыңыз

Газага чабуул койгон Израиль башчысы Парижден кетип калды

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Ноя 2018 | 827 | 0

11-ноябрь күнү Израиль күч түзүмдөрү качкын арап мусулмандары жайгашкан Газа секторуна чабуул коюп, натыйжада 7 киши набыт болду. Бул тууралуу Al Jazeera жазды.

Курман болгондордун арасында Газадагы ХАМАС аскердик тобунун башчыларынан Нур Барака да бар болгон.

Израиль тарап өзүнүн күч түзүмдөрү «чакан аскердик операция» үчүн Газага киргенин жана кайра артка кетишкенин ачыктады. Израиль тараптан да бир аскердин каза болгонун билдиришти.

Бул окуя дароо эл аралык коомчулуктун Израиль террордук аракеттерине каршы пикирлерди жаадыра башташты.

Ал арада Парижде 1-дүйнөлүк согуштун бүткөнүнүн 100 жылдык мааракесине башка өлкө башчылары менен катышып жаткан Израиль лидери Биньямин Нетаняху иш-чаранын жарымында чыгып кетип, Израилге кайтканы маалым болду. Анын бул кадамы ар түрдүүчө талкууга алынды.

Кошумчалай кетсек, Израилдин Газага каршы жүргүзгөн аба чабуулдары бул жылы күчөп, андан жалпысынан 300гө чукул палестиналык жан берген.

Copyright © 2017 Maral FM