Биз менен байланышыңыз

Изарилде коронавирустан улам кайрадан катаал карантин кирди

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Сен 2020 | 581 | 0

Израилде бир күндө коронавирус жуктурган 6 950 жаңы учур катталып, пандемия башталгандан бери суткалык эң жогорку көрсөткүчтү түздү. Буга байланыштуу өлкө бийлиги чектөөлөрдү күчөтүүгө мажбур болду.

Коронавирус күчөп кеткендиктен Израил 25-сентябрдан тартып эки жума «толук» карантинге өтө турган болду.

Бир жума мурда эле бул өлкө дүйнөдө алгачкылардан болуп кайрадан карантин киргизип, мектептер, бала бакчалар, мейманканалар, соода борборлору, эс алуу жайлары жана пляждар жабылган.

Ошондой эле Франция, Британия, Испания жана Чехия өлкөлөрү вирустун кийинки толкуну башталганына байланыштуу карантиндик чектөөлөрдү кайрадан киргизген.

Copyright © 2017 Maral FM