Биз менен байланышыңыз

Палестинадагы “Ислам жихады” уюмуна Израиль абадан сокку урду

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Фев 2020 | 664 | 0

Израилдин коргонуу армиясынын пресс-кызматы бүгүн, 24 февралда радикалдык деп эсептелген палестиналык “Ислам жихады” тобунун Газа тилкесиндеги жана Сирия борборунан түштүгүрөөк жайгашкан объектилерине сокку урганын билдирди. Бул палестиналыктардын деңиз боюндагы анклавынан урулган ракеталык атууларына каршы жооп болду дешет. Ошондой эле топтун мүчөлөрү Газа тилкесиндеги коопсуздук дубалынын алдында террордук акты жасаганга аракет кылышкан. Мындан соң Газа тилкесинен ракеталар коё берилген. Буларга жооп кылып Израилдин Аскер аба күчтөрүнүн кыйраткыч учактары Дамасктын түштүгүндөгү жана Газа тилкесиндеги “Ислам жихады” уюмунун ондогон объектилерине сокку урган.

Израиль армиясынын пресс-кызматынын айтымында, палестиналык радикалдар кечээ, 23-февралда Израилдин аймагына 21 ракетасы менен чабуул койгон. Алардын он үчү “Темир чатыр” аттуу абадан коргонуу системасы аркылуу жок кылынган. “Едиот ахранот” гезитинин жазганына караганда, ошол эле күнү Газа тилкеси менен Израилдин түштүк чек арасынын бөлүгүндө жардыруучу затты орнотуп жаткан эки палестиналыкты израилдик аскерлер атып өлтүрүшкөн.

 

Copyright © 2017 Maral FM