Биз менен байланышыңыз

Палестинада бардык саясий туткундар бошотулат

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Фев 2021 | 1025 | 0

Палестина президенти Махмуд Аббас «Жарандык эркиндикти чыңдоо жөнүндө» жарлыкка кол койгондугун «Wafa» агенттиги жарыялады.

Саясий куугунтукка тыюу салган жарлык Палестинада май жана июнь айларында 15 жылдан бери биринчи болуп жаткан жалпы шайлоонун алдында жарыяланды. Жарлыкка ылайык, «саясий көз карашка байланыштуу» куугунтуктоого, камакка алууга тыюу салынат. Мурда саясий себептер менен кармалган же түрмөдө отурган адамдар бошотулушу керек.

Жарлыкта жарандардын саясий иш-аракеттерге эркин катышуусу да каралган. Ошондой эле шайлоо өнөктүгүн бардык формада жүргүзүүгө уруксат берилет. Шайлоодо бардык талапкерлерге расмий маалымат каражаттарында басмырлоосуз бирдей мүмкүнчүлүктөр берилиши керек.

«Arab News» гезити жарлык Палестинада акыркы 15 жылдагы биринчи жалпы шайлоонун алдында кабыл алынгандыгын белгилейт. Парламенттик шайлоо 22-майда, президенттик шайлоо 31-июлда өтөт.

Парламенттик шайлоодон кийин 120 орундуу мыйзам чыгаруу органы түзүлөт. Добуш берүүгө Иордан дарыясынын батыш жээгинин жана Газа тилкесинин тургундары да катышат.

Copyright © 2017 Maral FM