Биз менен байланышыңыз

Газа: Он жыл мурунку кыргын эскерилди

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Янв 2019 | 733 | 0

Мындан туура он жыл мурда Израиль куралдуу күчтөрү палестиналыктардын Газа тилкесине 22 күн бою жасаган кыргын эскерилди. Анын натыйжасында шаардын имараттарынын 80%ы бомбаланып, жарымынан көбү аялдар менен балдар болгон 1500дөн ашуун тургун набыт болгон.

Жөөт аскерлеринин абадан жана кургактан урган соккуларынан өзгөчө жапа чеккен ас-Самунилердин бүлөсү болгон. Шаарга басып кирген израилдик аскерлер бир туугандардан турган бир нече үй бүлө мүчөлөрүн бир үйдүн жер төлөсүнө камап, бир нече күн нан-суусуз, жарыксыз калтырган. Оор аскердик техникалары менен үйдү бастырып кирип бир канчасын набыт кылып, качкандарды окко учурган. Үч күндөн кийин үйгө келген Кызыл чырым эл аралык фондунун кызматкерлери жертөлөдөн 13 жарадарды куткарып чыгышкан. Арасындагы сегизи жаш бала болгон жарадарлар бир нече күн бою мерт болгон 48 жакындарынын денелеринин арасында ач-суусуз олтурушкан.

Тирүү калгандар бүгүн кыргында курман болгондорду эскерип: «Кутулдук, бирок эч качан унутпайбыз!»,-деген чакырык менен чыгышты.

Эске салсак, 1930-жылдары Англиянын колониясы болгон Палестинага дүйнөнүн булуң-бурчунан агылып келген жөөттөр өз айыл-шаарларын куруп олтуруп, бүгүнкү күндө өлкөнүн негизги бөлүгүн ээлеп алышкан. Эки элдин ортосунда чыккан бир нече согуштар жөөттөрдүн пайдасына чечилип, Израиль мамлекети түптөлгөн. БУУ кийлигишип, тыюу салганына карабай Израиль Палестинанын айыл-кыштактарынын калкын сүрүп чыгып, бош жерлерге өз курулуштарын жүргүзүүнү улантып келет. Сүрүлгөн палестиналыктар Газа тилкесине чогулуп, качкын лагери сыяктуу шарттарда жашашат.

Copyright © 2017 Maral FM