Биз менен байланышыңыз

Палестина Израиль жана АКШ менен коопсуздук тууралуу келишимин жокко чыгарат

Дүйнө , Кыска кабар | 20 мая 2020 | 856 | 0

Палестин лидери Махмуд Аббас Израиль жана АКШ менен коопсуздук алкагындагы кызматташтыкты токтоторун билдирди. Муну ал израилдиктерден күтүлүп жаткан Батыш жээкти аннексиялоо коркунучу менен байланыштырган.

Палестинаны боштондукка чыгаруу уюму, Палестина мамлекети америкалык жана израилдиктер менен түзүлгөн бардык келишимдерден жана макулдашуулардан баш тартат. Анын ичинде коопсуздук жаатында да келишимдерди да жокко чыгарат, — деди Махмуд Аббас өз билдирүүсүндө.

Палестинаны боштондукка чыгаруу уюму 2018-жылы бери Израиль жана АКШ менен болгон кызматташтыкты токтотуу үчүн добушун берип, Махмуд Аббаска бул аракеттерди ишке ашырууга жана чечүүгө мүмкүнчүлүк түзүп келген. Палестин автономиясынын президенти бир канча ирет израилдиктерге жана АКШга кызматташтыкты токтоторун айтып коркутуп келген.

Эскерте кетсек, 13-майда АКШ мамлекеттик секретары Майк Помпео Израилге премьер-министр Нетаньяху менен сүйлөшүү үчүн учуп келген. Өзүнүн зыяратында Помпео Израиль лидерин бир катар палестиналык аймактарды аннексиялоо боюна израилдиктердин планын колдой тургандыгын билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM