Биз менен байланышыңыз

Австралия Израилдеги элчилигин Иерусалимге жылдырат

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Окт 2018 | 1158 | 0

Австралиянын жаңы премьер-министри Тони Моррисон Израилдеги элчилигин талаштуу Иерусалим шаарына жылдырарын билдирди. Бул тууралуу Al Jazeera жазып чыкты.

Моррисон жүздөгөн жылдар бою палестиналык арап мусулмандары менен яхудий жөөттөрүнүн ортосунда талашка түшүп келген ыйык шаар Иерусалимди Израилдин борбору катары тааный турганын билдирди. Анын айтымында, бул чечимге бир нече ай мурда АКШ президенти Дональд Трамптын Иерусалим израилдикдерге таандык экендиги тууралуу чуулуу билдирүүсү түрткү болгон эмес. Алар элчилигин Израилдин борбору Тель-Авивден өз ыктыяры менен көчүрүшүүдө.

Израиль премьер-министри Бинямин Натеньяху австралиялык кесиптеши менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн билдирип, анын чечимин кубаттарын айтты.

Эске сала кетсек, бардык бир кудайлуулук диндеринде ыйык деп саналган Иерусалим же Кудус шаары 1967-жылга чейин Палестинага тиешелүү болчу. Израилдик жөөттөрдүн өлкөгө агылып кирип, басым жасай баштагандан кийинки согушта Иерусалим БУУнун карамагындагы корулган шаар болуп калган. Бирок Израиль тарап аны 67-жылдагы согуштун жеңиштүү жыйынтыгы менен өздөрүнө өткөрүп алганын айтып келсе, дүйнөлүк коомчулуктун басымдуу бөлүгүнүн колдоосу менен палестиналыктар аны келечектеги мамлекетинин борбору катары көрүп келишет.

Өткөн жылдын соңунда АКШ президенти Дональд Трамп Иерусалимди Израилдин борбору деп таануу чакырыгынын артынан 2018-жылдын май айында Американын элчилигин расмий борбор Тель-Авивден Иерусалимге көчүргөн. БУУ баш болгон эл аралык коомчулуктун каршылыгына карабай Американын бул жоругун  Гватемала өлкөсү кайталап, ошол эле айда Иерусалимге көчкөн.

Copyright © 2017 Maral FM