Биз менен байланышыңыз

ШКУнун атайын кызматтары 150дөн ашуун террористти кармашкан

Кыска кабар | 18 Окт 2018 | 870 | 0

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин атайын кызматтары 150дөн ашуун террористти кармашкан. Бул тууралуу  уюмдун Аймактык антитеррордук түзүмүнүн жыйналышында Кыргызстандын улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары Асылбек Кожобеков билдирди.

Айтымында, соңку жылдары Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин аймагындагы көп сандагы теракттардын алдын алышкан.

2017-жылдын I жарым жылдыгынан тартып 2018-жылдын II жарым жылдыгына чейин терроризм менен шектелип, изделип жаткан 150дөн ашуун жаран кармалып жана кайтарылган. Мунун үстүнөн Кыргызстан, Тажикстан, Орусия жана Өзбекстандын атайын кызматтары биргеликте иш алып барышкан.

Өзгөчө көңүл терроризмге катыштыгы бар аймактарга барып, кайра ШКУга мүчө-мамлекеттердин территориясына кирген адамдардын чакырыктарына жана коркунучтарга бурулат.

Copyright © 2017 Maral FM