Биз менен байланышыңыз

Шри-Ланка: Террордук актынын уюштуруучулары жок кылынды

Дүйнө , Кыска кабар | 7 мая 2019 | 712 | 0

Шри-Ланка бийлиги, 21-апрелде жана андан кийинки жардырууларга тиешеси бар террордук уюмдун мүчөлөрү туткундалып, айрымдары жок кылынганын жарыялады. Бул тууралуу аталган өлкөнүн башкы инспектору Чандана Викрамаратна айтты.

Андан сырткары, экстремисттик кыймылдарга каршы күрөшүүнүн жүрүшүндө жардыруучу заттар табылып, баары конфискацияланган.

Шри-Ланка президенти Майтрипала Сирисена 4-май күнү террордук актыларга байланышы бар 25-30 киши азырынча боштондукта экенин айткан болчу.

Copyright © 2017 Maral FM