Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков 6 өлкөнүн элчисинин Ишеним грамоталарын кабыл алды (сүрөт)

Кыска кабар | 9 Окт 2019 | 606 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-октябрда Япония, Гана, Испания, Молдова, Шри Ланка жана Бахрейндин атайын жана ыйгарым укуктуу элчилеринин Ишеним грамоталарын кабыл алды. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Сооронбай Жээнбеков дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жаңы башчылары менен өлкөлөр ортосундагы кызматташуунун азыркы абалын жана артыкчылыктуу багыттарын талкуулап, кыргыз тараптын соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, саясий чөйрөлөрдө жана ошондой эле инвестицияларды тартуу жана ишкерликти колдоо маселелеринде эки тараптуу байланыштарды кеңейтүүгө кызыкдарлыгын билдирди.

Президент кызматташууну активдештирүү, өлкөлөр ортосундагы мамилелерди бекемдөө боюнча элчилердин активдүү ишин кубаттаарын белгиледи.

Япониянын элчиси Сигэки Маэда, Гананын элчиси Саути Яхья Идди, Испаниянын элчиси Давид Артуро Карриедо, Молдованын элчиси Андрей Негуца, Шри Ланканын элчиси Нурдин Мохаммед Шахед жана Бахрейндин элчиси Анвар Юсуф Абдулла Аль Абдулла Кыргызстан менен эки жана көп тараптуу мамилелердин толук мүмкүнчүлүгүн ачууга бардык аракеттерин жумшай тургандыктарына ишендиришти.

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM