Биз менен байланышыңыз

Шри-Ланкада абактагылар пандемияга байланыштуу бошотулду

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Апр 2020 | 885 | 0

Шри-Ланкада 2961 адам коронавирустук инфекцияга байланыштуу күрөө коюу менен абактан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 5-апрелде «Газета.ру» жазды.

Associated Press агенттигинин маалыматы боюнча, учурда Шри-Ланкада болжол менен 26 миңдей адам абакта жатат.

Жергиликтүү бийлик коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында түрмөлөргө барууга тыюу салган. Буга абактагылар нааразычылыктарын билдиришкен.

Учурда Шри-Ланкада 166 адам коронавирус жуктуруп алган, аладын бешөө каза болгон.

Copyright © 2017 Maral FM