Биз менен байланышыңыз

Шри-Ланкада жардыруулардан кийин I жолу чиркөөлөрдө сыйынуу салты болду

Дүйнө , Кыска кабар | 12 мая 2019 | 616 | 0

Шри-Ланкада 250 адамдын өсмүрүн алган бир нече жолку жардыруудан кийин биринчи жолу католиктердин чиркөөлөрүндө «месса» аталышындагы Кудайга сыйынуу салты болуп өткөнүн, жергиликтүү News1st телеканалы жарыялады.

Жардыруудан кийин эшигин биринчилерден болуп ачкан чирөө Негомбо шаарындагы Ыйык Себастьян чиркөөсү болгон. 9-майда месса аталышындагы Кудайга сыйынуу салты өлөкөнүн баардык райондорунда коопсуздук кызматкерлеринин көзөмөлдөөсүндө өткөн.

Жаңы мыйзамдарга ылайык чиркөөгө баштык көтөрүп кирүүгө болбойт, жана кирүү үчүн ким экендигин тастыктаган документти көргөзүүлөрү керек.

Мындан сырткары, жакынкы убакта чирөөлөрдө атайын комитеттер түзүлүп, коопсуздукту көзөмөлдөп жана шектүү адамдарды аныкташмакчы.

Эске салсак, 21-апрелде Шри-Ланка христиандары Пасха майрамын майрамдап жатышкан учурда 8 жардыруу болуп, натыйжада 250-260 адам каза болуп, 500дөн ашык адам жаракат алган.

 

Copyright © 2017 Maral FM