Биз менен байланышыңыз

Кабулдагы премьер-министр катышкан чабуулдан 32 адам каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Мар 2020 | 592 | 0

Ооганстандын борбору Кабул шаарында жогорку даражадагы чиновниктер катышкан эскерүү иш-чарасында өкмөт башчы Абдулла Абдулла сүйлөп жаткан учурда чабуул жасалып, кесепетинде 30дан ашык адам каза болду. Андан сыркары, аз дегенде дагы 58 адам жаракат алган.

Ал эми, Ички иштер министрлиги коопсуздук кызматкерлери чабуул жасагандардын үчөөсүн атып өлтүргөнүн айтууда.

Ооган бийлик башчылары Кабулда Хазар азчылыгынын лидери, 1995-жылы «Талибан» кыймылынын колунан өлгөн жергиликтүү шииттердин башчысы Абдул Али Мазарини эскерүү үчүн чогулушкан эле. Бирок, «Талибандар» бул кол салууну уюштурганын моюндаган жок.

Өлкө президенти Ашраф Гани «Твиттердеги» баракчасына бул окуяны «оогандардын улуттук биримдигине каршы ырайымсыз кылмыш» деп сыпаттады жана «коопсуздук күчтөрү ок чыгаргандар менен аёосуз күрөшөт» деп эскертти.

2019-жылы 7-мартта Кабулда Абдул Али Мазарини эскерүү учурунда да бир нече жардыруу болгон. Ага да Абдулла Абдулла баштаган жогорку кызмат адамдары катышкан. Бул окуяда үч адам өлүп, 30дай киши жараат алган.

Copyright © 2017 Maral FM