Биз менен байланышыңыз

Ооганстан: Жума намаз учурунда жардыруу болду

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Окт 2019 | 794 | 0

Бүгүн 18-октябрда Ооганстандын Нанганхар аймагындагы мечитте 2 ирет жардыруу катталды. Бул тууралуу Пажвак агенттиги маалымдады.

Жардыруунун айынан аз дегенде 31 адам каза болгон. Дагы ондогон адам ар кандай жаракат алган. Жардыруу жума намазы учуруна дал келген.

Буга чейин агенттик мечитке ракета чабуулу болгонун жазган. Ал эми 1TV телеканалы ичинде бомба да жарылганын айткан.

Азырынча бул кылмышка жоопкерчиликти эч бир уюм өз мойнуна ала элек.

Copyright © 2017 Maral FM