Бүгүн 18-октябрда Ооганстандын Нанганхар аймагындагы мечитте 2 ирет жардыруу катталды. Бул тууралуу Пажвак агенттиги маалымдады.
Жардыруунун айынан аз дегенде 31 адам каза болгон. Дагы ондогон адам ар кандай жаракат алган. Жардыруу жума намазы учуруна дал келген.
Буга чейин агенттик мечитке ракета чабуулу болгонун жазган. Ал эми 1TV телеканалы ичинде бомба да жарылганын айткан.
Азырынча бул кылмышка жоопкерчиликти эч бир уюм өз мойнуна ала элек.
Local health officials says, 31 dead bodies and dozen wounded people taken to Hospitals after a blast inside blost in a mosque in #Nangarhar province. pic.twitter.com/ZXyrZlrRj6
— Pajhwok Afghan News (@pajhwok) October 18, 2019