Биз менен байланышыңыз

Ооганстанда жардыруу болуп, 7 адам каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Ноя 2019 | 634 | 0

Ооганстандын борбору Кабул шаарындагы Ички иштер министрлигинин имаратында жардыруу катталды. Бул тууралуу Пажвак агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, жардыруунун айынан 7 адам каза болуп, дагы жетөө ар кандай жаракаттарды алган.

«Кабулдагы райондо унаа жардырылып, 7 жай тургун жан берсе,  7 адам жарадар болгон. Бул алдын-ала айтылган маалыматтарда, каза болгондордун саны өсүшү мүмкүн»,- деп жазды ИИМдин пресс-борборунун жетекчиси Нусрат Рахими Твиттердеги баракчасында.

Азырынча окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.

 

Copyright © 2017 Maral FM