Ооганстандын борбору Кабул шаарындагы Ички иштер министрлигинин имаратында жардыруу катталды. Бул тууралуу Пажвак агенттиги жазды.
Маалыматка ылайык, жардыруунун айынан 7 адам каза болуп, дагы жетөө ар кандай жаракаттарды алган.
«Кабулдагы райондо унаа жардырылып, 7 жай тургун жан берсе, 7 адам жарадар болгон. Бул алдын-ала айтылган маалыматтарда, каза болгондордун саны өсүшү мүмкүн»,- деп жазды ИИМдин пресс-борборунун жетекчиси Нусрат Рахими Твиттердеги баракчасында.
Азырынча окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.